Өмүрүнө зыян келтирүү, бир кырсыкка учуратуу, жок кылуу, жоюу. Зулумдардын тамырына балта чабабыз деди (Сыдыкбеков). Жаш өмүрүнүн тамырына балта чабуу коркунучу күчөй баштады (Сасыкбаев).
Өмүрүнө зыян келтирүү, бир кырсыкка учуратуу, жок кылуу, жоюу. Зулумдардын тамырына балта чабабыз деди (Сыдыкбеков). Жаш өмүрүнүн тамырына балта чабуу коркунучу күчөй баштады (Сасыкбаев). В.: Тамырын кыркуу. Уурулардын тамырын такыр кыркуу керек деп ачууланышты («Ала-Тоо»). Кылгылыкты кылыптыр, Тамырын такыр кыркыптыр («Манас»). Тамырын соолтуу. Бир кезде ыдык көрсөткөндөрдүн тамырын соолтом («Ала-Тоо»). Тамырын үзүү. Бай-манаптардын, кулактардын экономикалык күчүн жана алардын массага болгон таасиринин тамырын үздү («Кыргызстан тарыхы»).